Кадамжайда ууланган адамдардын саны 108ге жетти
Кадамжайда тойдо ууланган жарандардын саны 108ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик сан-эпидкөзөмөлдөө департаменти билдирди. Жабыркагандардын 23ү ооруканага жаткырылган. 85 адам амбулатордук дарыланууда. Уулаган адамдардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркаган жарандардын абалы канааттандырарлык, абалы оор делген эки баланын да абалы жакшырып, инфекциялык бөлүмгө которулган.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт